ТИМ башчысы Кулубаев омандык кесиптешин Кыргызстанга чакырды

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Омандын тышкы иштер министри Саид Аль-Бусаиди менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анда тараптар соода-экономика, инвестиция жана туризм тармактарында кыргыз-оман мамилелерин тереңдетүүнүн келечегин талкуулашты.

Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Министр Кулубаев эки өлкө ортосунда ишке ашпаган чоң потенциал бар экенин белгилеп, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарларды жандантууну, өкмөттөр аралык биргелешкен комиссияны жана кыргыз-оман ишкер кеңешин түзүүнү сунуштады. Ушул өңүттө ал оман тарапты ушул жылдын июнь айынын аягында – июль айынын башында Кыргызстанда өтө турган Борбордук Азия мамлекеттери менен Перс булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин инвестициялык форумуна катышууга чакырды.

Министр Саид Аль-Бусаиди Оман Кыргызстан менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип, эки өлкөнүн мамлекеттик органдары жана жеке сектору ортосундагы өз ара аракеттенүү механизмдерин түзүү демилгесин колдоду.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар Кыргызстан жана Омандын тышкы иштер министрликтеринин ортосунда саясий консультациялар жөнүндө меморандумга кол коюп, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу боюнча ишти улантууну макулдашты.

Белгилей кетсек, ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев 11-февралда Оманга расмий сапар менен барган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан