Эми WhatsApp'та жаңы функциялар пайда болот 

WhatsApp мессенжери жакында жаңы функцияларды киргизет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Андагы маалыматка таянсак, эми сиз өзүңүздүн WhatsApp мессенжериңиз аркылуу башка социалдык тармактардын шилтемелерин бөлүшө аласыз. Ошондой эле топтук чаттардын катышуучулары үчүн жарлыктар пайда болот.

Учурда WhatsApp мессенжеринин колдонуучулары өзүнүн аты-жөнү, телефон номуру жана акыркы иш-аракети тууралуу маалымат бөлүшө алат. Жакында жаңы кошулган функция аркылуу башка социалдык тармактардын шилтемелерин өз профилиңизде калтырууга мүмкүн болот.

Ал эми топтук чаттардын катышуучулары үчүн жарлыктар пайда болгондо сүйлөшүү учурунда кимдин онлайн экенин байкап турууга болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
baltabai
2025-02-13 11:12:00
Дагы өзгөрөбү Ватсап Кандай болуп өзгөрөт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан