Кардиохирургиядагы өрт: Министрлик эвакуацияланган бейтаптардын абалын айтты

Саламаттык сактоо министрлиги Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим изилдөө институтундагы өрттөн улам эвакуацияланган бейтаптардын абалы боюнча маалымат берди.

Билдирүүгө ылайык, жандандыруу бөлүмүнө которулган эки баланын биринин абалы өтө оор, экинчисинин абалы туруктуу оор.

"Калган бейтаптардын абалы туруктуу. Баары дарыгерлердин көзөмөлүндө", - дешти министрликтен.

Белгилей кетсек, 11-февралда Бишкекте жайгашкан Улуттук кардиология жана терапия борборунун имаратында өрт чыккан. Ал түнкү саат 23:15те толук өчүрүлгөн.
Окуя болгон учурда аталган жайда жалпы 104 адам (50 бейтап, анын 19у бала, 32 багуучу жана 22 кызматкер) болгон. Ал жактан 31 бейтап жакынкы ооруканаларга жайгаштырылган:
  • 12 бала Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна которулду. Анда 12 энеге жана эки атага медициналык жардам көрсөтүлгөн;
  • 2 бейтап Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө которулган;
  • Кардиология жана терапия улуттук борборуна 15 бейтап (8 чоң адам жана 7 бала) жайгаштырылган;
  • Операцияга чейинки 19 бейтап үйлөрүнө жөнөтүлгөн.

Кырсыктан эки адам каза болгону айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан