Халифат түзүүгө чакырык жасаган шектүүлөр кармалды (видео)

Өлкөдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган "Йакын-Инкар" уюмунун 4 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция тарабынан YouTube платформасында шек жараткан аккаунтта Халифат түзүүгө чакырыктарды камтыган видеоматериалдар жарыяланганы аныкталган. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 46, 53 жаштагы жана 41 жаштагы 2 жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

13.02.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан