УКМК Чүйдө 8 жыл мурун коркутуу жолу менен тартып алынган мүлктөрдү мамлекетке кайтарды (виедо)

Чүй облусунун Жайыл районундагы мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча менен спорт зал мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, Сосновка айылында жайгашкан аталган мүлктөр 2017-жылы маркум Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, мурда ок атуучу куралдарды жана баңгизаттарды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгон С.М. аттуу жарандын ээлигине өтүп кеткени аныкталган. Ал кымыйлсыз мүлктөрдү коркутуп-үркүтүү аркылуу тартып алып, атасы менен агасына каттатып койгон.

УКМК алар аталган объекттерге мыйзамсыз ээлик кылып алышканын моюндашып, өз ыктыярлары менен Жайыл районунун Талды-Булак айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп беришкенин кошумчалады.

УКМК 13.02.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан