Министрлер кабинети менен Бириккен Араб Эмираттарынын өкмөтүнүн ортосунда алдыдагы беш жылдык мезгилге мамлекеттик башкарууну институттук өнүктүрүү жана модернизациялоо жаатында тажрыйба алмашуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, документке Дубай шаарында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Бириккен Араб Эмираттарынын Министрлер кабинетинин иштери боюнча министри Мохамед Абдулла Аль Гергави кол коюшту.
Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум институционалдык потенциалды чыңдоо боюнча биргелешкен аракеттерди өнүктүрүүгө, өкмөттөрдү өнүктүрүү процесстерин өркүндөтүү боюнча биргелешкен аракеттерди түзүүгө, келечекке багытталган мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө, ошондой эле кызматташтыктын башка өз ара макулдашылган тармактарына багытталган.