"Жоголгондор көп". Депутат "Издейм сени" телеберүүсүн жандандырууну суранды

Бүгүн, 13-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашов өкмөттөн мамлекеттик телеканалдарда "Издейм сени" телеберүүсүн кайра жандандырууну суранды.

Ал былтыр ноябрдан бери Бишкек шаарында дайынсыз болуп жаткан 43 жаштагы жаранды 80 жаштагы апасы издеп жатканын айтып, укук коргоо органдарын көмөктөшүүгө чакырды.

"Мурун Улуттук телеканалда "Издейм сени" деген телеберүү бар эмес беле, ушуну кайра жандандырсак. Бүгүнкү күндө жоголгондор көп болуп жатат", - деди Сарыбашов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан