Парламентте талаш жараткан “Жер кодекси” үчүнчү окууда кабыл алынды

Бүгүн, 13-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Жер кодексинин" жаңы редакциясы үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды. Эми ал кол коюу үчүн президентке жөнөтүлөт.

Демилгечилердин айтымында, жаңы долбоор жерди сарамжалдуу пайдаланууга жана аны коргоого багытталган. Ошондой эле кодекстин жаңы редакциясы жер мамилелерин, жерге болгон укуктардын пайда болуу негиздерин, ишке ашыруу жана токтотуу тартибин жана аларды каттоону, которууну (трансформациялоону) жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.

Депутат Дастан Бекешев кодексте талаштуу эки жобо бар экенин белгиледи. Алардын бири дача конуштарын калктуу конуштарга кошууга байланыштуу болсо, экинчиси инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жарандардын жерлерин мамлекет алып коё турган эреже экенин айтты. Анын айтымында, бул кийин жарандардын укуктарынын одоно бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон кооптуу норма.

Чолпон Султанбекова баштаган депутаттар мыйзам долбоорунда көптөгөн кемчиликтер бар экенин, 13 депутаттын буга чейин берген сунуштары эске алынбагандыгын айтып, долбоорду кайра экинчи окууга кайтарып, жакшылап иштеп чыгууну сунуштады. Аны кесиптештери Гуля Кожокулова, Надира Нарматова, Камила Талиева, Сүйүн Өмүрзаков кубаттады.

Бирок вице-спикер Нурланбек Азыгалиев алардын сунушун добушка койгон жок. Жыйынтыгында мыйзам долбоору бүгүн үчүнчү окууда каралды. Анда айрым депутаттар дачанын жерлери мамлекетке өтүп кетиши мүмкүн деген кооптонуусун билдиришти, өкмөт андай коркунуч жок экенин белгиледи.

Көптөгөн талаш-тартыштардан кийин депутаттардын көпчүлүгү мыйзам долбоорун үчүнчү окууда колдошту. Ага 68 депутат макул, 6 эл өкүлү каршы добуш берди.

Белгилей кетсек, “Жер кодексинин” жаңы долбоору Министрлер кабинети тарабынан 2022-жылы иштелип чыккан. Анда жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны, башкача айтканда, "кызыл китепти" жоюу сунушталган. Мыйзамды иштеп чыккан агенттик мунун ордуна жер ээлерине кадастр планы камтылган QR код берүүнү демилгелеген. Ал код аркылуу тилкенин картасын, планын жана ага ким ээлик кыларын онлайн көрүп алууга болот.

Документти Жогорку Кеңештин комитеттери 2024-жылдын жай айларында карап баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан