АКШ президенти Дональд Трамп менен орус лидери Владимир Путиндин сүйлөшүүлөрүнөн кийин орус рублунун долларга карата курсу кескин көтөрүлдү.
Бишкек убактысы боюнча саат 14:50гө карата доллардын рублга болгон баасы 89,49га чейин түшкөн.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын декабрынын аягында орус валютасы америкалык валютага карата кескин арзандаган. Анда доллардын курсу дээрлик 112 рублга чейин көтөрүлгөн.
Эскерте кетсек, кечээ, 12-февраль күнү кечинде Путин менен Трамп дээрлик бир жарым саатка созулган телефон сүйлөшүүлөрүн өткөрүшкөн. Лидерлер Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу, Жакынкы Чыгыш, Ирандын өзөктүк программасы жана экономикалык чөйрөдөгү эки тараптуу мамилелерди талкуулашты.