Өлкөдө илимий кызматкерлердин эмгек акысы 100 пайызга чейин жогорулатылды. Тиешелүү токтом долбоору кабыл алынганын Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.
Документке ылайык, кызматтык окладды аныктаган коэффициент 50 пайызга, ал эми кызматтык окладга кошумча төлөмдөр 50 пайызга чейин көтөрүлдү. Натыйжада жалпы жогорулоо 100 пайызга чейин жетти. Ал эми илимий институттарда иштеген жардамчы тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысы 75-80 пайызга жогорулатылды.
Ошондой эле илимий жана илимий-техникалык уюмдардын кызматкерлеринин максималдуу (чектелген) штаттык саны бекитилди.
Бул токтом тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашылып, бирдиктүү чечим катары кабыл алынган.
Айта кетсек, буга чейин өлкөдө илимий кызматкерлердин эмгек акысын 100 пайызга жогорулатуу пландалып жатканы кабарланган.