Ооганстандын борбору Кабулда Шаар куруу жана турак жай министрлигинин имаратынын алдында жанкечтинин жардыруусунан бир адам каза болду. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, кырсыктын кесепетинен дагы үчөө жаракат алган.
Министрликтин маалымат катчысы Мохаммед Камаль басылмаларга жардыруу болгонун тастыктаган. Террорист өзүн жардырар алдында имаратка кирүүгө аракет кылган, бирок коопсуздук кызматкерлери аны токтотуп калышкандыгын кошумчалаган.