Кышкы Азия оюндары: Өзбекстан 26 жылдан кийин алтын утту

Өзбек фигуристтери Екатерина Гейниш менен Дмитрий Чигирев Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында Өзбекстандын биринчи алтынын утушту. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, спортчулар муз үстүндө бийлеген алты жуптун ичинен суурулуп чыккан. Анда Түндүк Корея күмүш, Жопон өлкөсү коло медалга ээ болду.

Бул Өзбекстан үчүн Азия оюндарындагы экинчи алтын медаль. Жогорку стандарттагы биринчи сыйлыкты буга чейин 1999-жылы Татьяна Малинина көркөм муз тебүүдө жеңип алган.

Айта кетсек, Екатерина Гейниш менен Дмитрий Чигирев 2022-жылы Орусияда Нина Мозердин тобунда жуп болуп машыга баштаган. Алар Москва чемпиондугунун байге ээлери, Москва кубогунун этаптарынын жеңүүчүлөрү. Алар спорттогу жарандыгын 2024-жылы өзгөртүп, Өзбекстандын атынан чыга башташкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан