Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өрттөн жабыркаган Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илимий-изилдөө институтуна барды. Бул туурасында мекемеден кабарлашты.
Маалымдалгандай, Саламаттык сактоо министрлиги жана ӨКМ тарабынан маалымат берилди.
Адылбек Касымалиев бир нече тапшырмаларды берди:
- Ведомстволор аралык комиссия бир жуманын ичинде өрттүн себептери жөнүндө корутунду берсин;
- Жабыр тарткандарды толук көлөмдө зарыл болгон дарылоо, реабилитациялоо жана психологиялык колдоо менен камсыз кылсын;
- Институтту калыбына келтирүү жана жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү үчүн зарыл финансылык каражаттарды бөлүү жөнүндө маселени ыкчам карасын.
- ӨКМ пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүзсүн;
- Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги 7 күндүн ичинде имараттын техникалык абалы жана аны калыбына келтирүү мүмкүндүгү жөнүндө корутунду берсин.
Кырсыктан эки адам каза болгону айтылган.