АКШнын саламаттыкты сактоо министри болуп дайындалган Роберт Кеннеди америкалыктарды дүйнөдөгү эң оорулуу эл деп атады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Биз дүйнөдөгү дары-дармектердин 70 пайызын сатып алабыз. Башка өлкөлөргө караганда биз саламаттыкты сактоого 2-3 эсе көп каражат жумшайбыз. Бирок бизде көрсөткүч эң начар. Бизде дүйнөдөгү эң оорулуу калк жашайт", - деген ал.
Кеннеди кечээ, 13-февралда Ак үйдө ант берген. Салтанатка АКШнын президенти Дональд Трамп да катышып, ал жаңы министр көйгөйлүү маселелерди чечүүгө тийиш экенин белгилеген.