Бишкек шаарында бүгүн, 14-февралдан тарта жаңы автобус каттамы иштей баштайт. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, борбор калаада №17 жаңы муниципалдык автобус каттамы жүрө баштайт, ал ошол эле номердеги троллейбус каттамын алмаштырат.
Атталган автобус 12-кичи райондон "Дордой" базарындагы Булгаары заводуна чейин барат.