Эки окуучунун өлүмү: Билим берүү министрлиги билдирүү таратты

Билим берүү жана илим министрлиги соңку учурдагы эки мектеп окуучусунун өлүмү боюнча билдирүү таратты. Ведомство анда ар бир факты өлкө мыйзамдарына ылайык тиешелүү органдар тарабынан тергелип жатканын белгилеген.

"Министрлик да өз компетенциясынын чегинде ар бир факты боюнча тергөө амалдарын жана кызматтык териштирүүлөрдү объективдүү жүргүзүүнү, өспүрүмдөр арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү, кылмыштуу окуялардын алдын алууну, балдарды тарбиялоого өзгөчө көңүл бурууну тиешелүү органдардан жана мекеме-уюмдардан талап кылууда", - деп жазылат билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, Оштун Кара-Суу районуна караштуу Каратай айылындагы №39 Адылбек Султанов атындагы орто мектептин 9-классынын окуучусу каза болгондон кийин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, аталган мектептин директору кызмат ордунан бошотулган. Ошондой эле аталган мектептин директорунун орун басары, социалдык педагогу, 11-класстын класс жетекчиси жана 9-класстын класс жетекчиси иштен четтетилген.
Ал эми Бишкек шаарындагы №72 мектептин 8-классынын окуучусу каза болгондон кийин аталган мектептин директору менен 8-класстын класс жетекчиси кызмат ордунан бошотулуп, директордун тарбия иштери боюнча орун басары менен социалдык педагогу иштен четтетилген.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин 12-февралдагы жыйынында депутат Надира Нарматова №72 мектептин окуучусу ур-токмоктон каза болгонун айтып чыккан. Мындан соң калаа милициясы маалымат берип, окуучунун өлүмү боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген.
13-февралда Кара-Суу районунда 9-класстын окуучусу токмоктолуп каза болгону маалымдалган. Аталган маселе ошол эле күнү парламенттин жыйынында депутат Эрнис Айдаралиев тарабынан көтөрүлгөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан