Бишкекте баңгизат менен 27 жаштагы жаран кармалды

Бишкек шаарында баңгизат колдонгон деген шек менен 27 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.

Маалымдагандай, Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө баңгизат сатуу менен алектенген адамдар тууралуу билдирүү түшөн. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү делген жаран кармалып, андан 11 даана спецификалык жыты бар белгисиз заттар табылган. Ал аталган заттар гашиш баңгизаты экенин, аларды интернет дүкөндөрү аркылуу сатып алгандыгын билдирген. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда алынган заттар экспертизага жөнөтүлүп, тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан