Америкалык музыкант жана белгилүү рэпер Шон Комбс (P.Diddy) NBCUniversal, Peacock TV жана Ample Entertainment медиа компанияларын жалган маалымат таратканы үчүн сотко берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, аталган компаниялар "Diddy: The Making of a Bad Boy" аталышындагы даректүү тасма тартышкан. Ал эми рэпер авторлорду жалган жалаага айыптап, олуттуу зыян келтиргени үчүн 100 миллион доллар компенсация төлөт берүүнү талап кылган.
P. Diddy'нин айтымында, авторлор аны оор кылмыштарга шектүү катары көрсөтүшкөн. Рэпердин адвокаты Эрик Вулфф "медиа компаниялар акча үчүн чындыкты чагылдырышкан эмес" деп билдирген.
"Болжолдонгон даректүү тасмада Шон Комбсту оор кылмыштарга шектүү катары көрсөтүшкөн. Эч кандай далилдер жок болсо дагы, аны киши өлтүрүү жана жашы жете электерге карата сексуалдык зордук-зомбулуктарга тиешеси бар кылып чагылдырышкан. Бул тасма пайда көрүү максатында тартылган", - деген Эрик Вулфф.
Белгилей кетсек, 18-сентябрда 54 жаштагы Шон Комбс ири көлөмдөгү кылмыштуу иштерди уюштуруу, адам сатуу жана башка бир катар кылмыштар боюнча айыпталган. Ал эми рэпер ага каршы айтылган бардык айыптарды четке кагып келет.