Тайванда соода борбордогу ресторанда жарылуу болуп, 4 адам каза болду 

Кечээ, 13-февралда Тайвандын Тайчунг шаарында жайгашкан соода борборундагы ресторанда жарылуу болуп, 4 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Өлкөнүн Өрткө каршы улуттук башкармалыгынын маалыматына ылайык, окуя 13-февралда кечки саат 20:00 чамасында соода борбордун 12-кабатында жайгашкан ресторандагы газ балондун жарылуусунан келип чыккан. Кырсык катталган жерге 130дан ашык өрт өчүрүү кызматкери барганы айтылды.

Ал эми жарылуудан дагы 30 жаран жаракат алган, алардын баары ооруканага жеткирилип, соода борбордогу адамдар эвакуацияланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан