Өкмөт башчынын БАЭге болгон иш сапары аяктады. Сапардагы урунттуу учурлар (сүрөт)

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Бириккен Араб Эмираттарына болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, сапардын алкагында өкмөт башчы Бүткүл дүйнөлүк өкмөттөр саммитинин ачылышына катышып, саммиттин алкагындагы “Жаңыдан пайда болуп келе жаткан глобалдык таасир” форумунун ачылышында сөз сүйлөдү.

Касымалиев БАЭнин вице-президенти Мансур бин Заид Аль Нахайян, Министрлер кабинетинин иштери боюнча министри Мохамед Абдулла Аль Гергави, экономика министри Абдулла бин Тук Аль-Марри, Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору Мухаммад Аль-Сувайд менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Ошондой эле Мasdar жана Google компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлдү.

Мындан тышкары жумуш сапардын жүрүшүндө Министрлер кабинети менен БАЭнин өкмөтүнүн ортосунда жаңы беш жылдыкка мамлекеттик башкарууну институционалдык өнүктүрүү жана модернизациялоо жаатында тажрыйба алмашуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан