Америкалык рэпер Канье Уэст жубайы Бьянка Цензори менен ажырашып жатканын Daily Mail басылмасы жазып чыкты.
Басылмага 47 жаштагы рэпердин жакыны түгөйлөр ажырашып кеткенин жана жакынкы күндөрү ажырашуу боюнча арыздарын жазышарын ырастаган. 30 жаштагы Цензори репер менен 2022-жылы башталган кыска мөөнөттүү никеси үчүн 5 миллион доллар алышы мүмкүн. Басылма алар бул тууралуу оозеки макулдашканын жазды.
Ошондой эле Daily Mail түгөйлөр "Грэмми" сыйлыгынын кызыл килеминен өтүшкөнүнөн он күн өткөндөн кийин ажырашып жатышканын баса белгилейт. Анда Цензори ич кийими жок тунук көйнөк менен сүрөткө түшкөн болчу.