Орусиянын Санкт-Петербург калаасындагы Невский районунда кыргызстандык жаранды тоноого шектүүлөр изделип жатат. Бул тууралуу "Московский комсомолец" басылмасы өздүк булактарына таянып жазып чыкты.
Маалым болгондой, окуя 12-февралда кечки саат 21:00 чамасында болгон.
"27 жаштагы кыргызстандык пол жууп иштейт. Ал эми бош убактысында зер буюмдарын сатчу. Жабырлануучу жарнаманы интернетке жарыялаган", - деп жазат басылма.
Билдирүүгө караганда, 12-февралда саат 14:00дөр чамасында ага белгисиз адам телефон чалып, бриллиант мончок сатып аларын айткан. Үч сааттан кийин ал айтылган дарекке жанына дагы бир кишини ээрчите келген. Алар кызды тапанча менен коркутуп, байлап, анын зер буюмдарын, эки жуп кол саатын, уюлдук телефонун жана 130 миң рублдан ашык акчасын уурдап кетишкен.
Жабырлануучунун айтымында, материалдык зыян 7 миллион рублду түзгөн. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.