Баткенде эки жаран аткезчилик кылууга шектелип кармалды

Баткенде аткезчилик кылууга шектелип 2 жаран кармалганын бүгүн, 14-февралда облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ саат 18:00 чамасында Үч-Коргон айыл аймагы менен чектешкен Ноокат районунун Кызыл-Тоо участкасында кыргыз-өзбек чек арасына жакын жерде аткезчилик кылуу максатында жүк алып бараткан жеринен 35 жаштагы Т.Т. жана 33 жаштагы Ф.Н. аттуу жарандар кармалды. Алардан 480 даана лампочка жана 144 даана протеин таблеткасы табылган.

Учурда бул маалымат Кадамжай РИИБинин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан