Эгер Орусиянын президенти Владимир Путин Киевдин узак мөөнөттүү көз карандысыздыгын кепилдей турган тынчтык келишимине макул болбосо, АКШ Москвага каршы санкцияларды колдонот. Бул тууралуу АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Wall Street Journal басылмасына берген маегинде айтканын чет элдик басылмалар жазууда.
Вэнс америкалык аскерлерди Украинага жөнөтүү варианты да үстөл үстүндө турганын билдирген.
"Кысым кылуунун экономикалык рычагдары бар. Анан, албетте, аскердик рычагдар да бар", - деген ал.
Ошондой эле Вэнс АКШ лидери Дональд Трамп Украинадагы жаңжал боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө айрым маселелер боюнча пикирин өзгөртүшү мүмкүн экенин белгилеген.