Бишкекте «Мой О!» лотереясынын финалдык ойнотуусу өтүп, баш байге – 10 миллион сом жана 50 миң сомдон дагы 8 байге өз ээлерин тапты. Тиркеменин идентификациядан өткөн бардык колдонуучулары ойнотууга катышуу укугуна ээ болуп, жеңүүчүлөр кокус сандардын генераторунун жардамы менен аныкталды.
10 миллион сомду 23 жаштагы үй кожойкеси ХанзадаНасвалиева утуп, мындай утуш бүтүндөй үй-бүлөнү бакытка бөлөдү. Ханзаданын үй-бүлөсү Жалал-Абад облусунун Бүргөндү айылында жашайт. Үй-бүлө үч баланы тарбиялап жаткандыгы маалым болду. Жеңүүчү сатып алууларды төлөп, баланс толуктап, жалпысынан 246 билет топтогон.
– Уулум машыгууга кеткен, аны күтүп жаткам, ал эми телефонумдун үнү өчүк үйдө болчу, ушул себептүү келген чалууга жооп бербей жаткам. Акырында, телефонду алганымда, утканымды кабарлашты. Абдан толкундандым. Үй-бүлөбүзгө эң керектүү учурда ушундай оомат келди! Кээде жашоо бизге оор сыноолорду берип, алардын баарын чечүү колубуздан келе бербейт экен. Айлабыз түгөнүп, үмүтүбүз үзүлөйүн деп калган. Бирок тагдыр башка нерсе буюруптур. Мен муну жакшылыктын жышааны катары кабыл алдым! Биздин тилектерибиз – биринчи кезекте жакындарыбыздын ден соолугу үчүн сурангандарыбыз Кудайга жетти. Уткан акчабыз жакшы ишке жумшалат жана бул биз үчүн абдан маанилүү. Биздин жашообузду өзгөртө турган окуяга себепкер болгондордун баарына терең ыраазычылык билдирем жана баарыңарга кааларым – ден соолукта болгула!, - деп Ханзада таасирлери менен бөлүштү.
Дагы бир жеңүүчү, 50 миң сом уткан Кубан Молдобаев мындай ийгиликке дароо эле ишене албаганын айтты. «Менде болгону 16 билетим бар болчу, негизинен аларды капчыкка акча которуп отуруп топтогом. Чынын айтсам, көпчүлүк сыяктуу чын дилден ишенген эмесмин жана SMS келгенге чейин утушка ээ болгонумду кабарлаш үчүн чалгандарга жооп бербей жаткам", – деп күлдү Кубан. – "Бирок баары чын болуп чыкты!"
Дагы бир 50 миң сомдун жеңүүчүсү Ак-Тилек Карыбаев Ысык-Көл облусунун Жеңиш айылынан экен. Көбүрөөк билет чогултканга аракет кылганын айтып берди: «Мен «Мой О!» тиркемесинен лотерея жөнүндө Жаңы жылдан кийин билип калдым. Ошондон бери бул тиркемени гана колдонгонго аракет кылып жаттым. Мисалы, кардарлардын балансын толуктоо үчүн төлөмдөрдү кабыл алып отуруп, 689 билет топтодум. Аракетим текке кетпептир! Мындай мүмкүнчүлүктөрдү жаратып жаткан «Мой О!» тиркемесине ыраазычылык билдирип кетким келет».
«Мой О!» командасы жеңүүчүлөрүн чын жүрөктөн куттуктайт! «Мой О!» лотереясы ийгиликтин күтүлбөгөн жерден келип, жашоону жакшы жакка өзгөртө турганындагы бир ирет далилдеди.
Жеңүүчүнүн катышуусундагы финалдык ойнотуунун видеосун шилтемеден көрсө болот. Утушка ээ болгон катышуучулардын сүрөттөрү udacha.o.kg сайтында жайгашкан.
Лотереянын 2024-жылдын 9-декабрында старт алып, 2025-жылдын 10-феврадында аяктаганын эскерте кетмечибиз. Бул мезгил аралыгында 80 кыргызстандык ири суммадагы акчалай байгелердин жеңүүчүсү болуп, алардын ичинен 53 катышуучу 50 миң сомдон, 18 киши 200 миң сомдон алышты жана 9 жаран 1 миллион сомдон утуп, миллионер болду.
«Мой О!» тиркемесин Google Play же App Store’дон шилтеме аркылуу көчүрүп алыңыз.
Алдыда дагы көптөгөн кызыктуу окуялар күтөт!
КР аймагында лотереяны өткөрүү мезгили: 02.12.2024 – 10.02.2025. КР ЭжКМ караштуу Финкөзөмөл тарабынан19.11.2024-жылы берилген №421 уруксат. «О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБ 03.08.2017-жылдагы №2021030817, №3022030817 лицензиялары.