Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Астана шаарында өткөн фестивалдын алкагында Украина менен Орусиянын айланасындагы кырдаалга комментарий берди. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.
Анда Токаев өлкөнүн башкы баалуулугу катары туруктуулукту сактоо маанилүү экенин жана согушту токтотууну колдой турганын билдирген.
"Биз "көп түрдүүлүктөгү биримдик" идеологиясын карманабыз. Ар кайсы улуттун, диндин өкүлдөрү болгонубуз менен, бир коом, бир элбиз. Баарыңыздарды бул терең процессти түшүнүүгө чакырам. Ошонун негизинде гана ийгиликке жетебиз. Азыр Украина тууралуу көп сөз болуп жатат. Биз башынан эле согушту токтотууну, дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу макулдашууга жетишүүнү колдоп келебиз. Биздин позициябыз чындыкка айланып баратат, эки өлкө саясий диалогго келишти. Бул позитивдүү тенденция Казакстанга пайда алып келет. Ошондуктан биз бул тенденцияны колдон келишинче колдойбуз", - деген Токаев.