Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-февралда “Ош” эл аралык аэропортунун жаңы аэробекет комплексинин курулушуна мезгил кутусун салды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы аэробекет 2 кабаттан туруп, жер төлөсү менен курулат. Жалпы аянты 25 443 чарчы метрди түзөт.
Аны долбоорлоодо кенен зал, заманбап каттоо жайлары, фуд-корт, эс алуу зоналары, автоматташтырылган 650 орундуу унаа токтотуучу жай жана башкалар каралган.
Мындан тышкары анда перронду кеңейтүү менен бирге учактарды токтотуучу жайлардын санын 25 көбөйтүү каралган. 2025-жылы учуп-конуу тилкесинин долбоордук-сметалык документациясы даярдалып, 2026-жылы учуп-конуу тилкесин узартуу пландаштырылууда жана реконструкциялоо иштери аяктагандан кийин “жогорку интенсивдүүлүктөгү жарык берүүчү” системасы 3-категорияга чейин жогорулатылат.
Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө "Кыргызстан аэропорттору" ачык акционердик коому уюштуруу-башкаруу түзүмүн жакшыртуу менен өнүгүүнүн туруктуу жолуна түшкөнүн баса белгиледи.