Мюнхенде митингчилерди тебелеп кеткен унаанын айдоочусу аныкталды

Германиянын Мюнхен шаарында иш таштоо акциясына катышып жаткандарды сүзүп кеткен унаанын айдоочу кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, ал 24 жаштагы Ооганстандын жараны болуп чыккан. Шектүү 2016-жылдын декабрынан бери Германияда жашап жүргөн. Жарбыркагандардын саны 30га жеткени айтылууда. Арасында оор жаракат алып, ооруканага жаткырылгандар да бар.

Эске салсак, кечээ, 13-фералда Mini Cooper үлгүсүндөгү унаа нааразылык акциясына чыккандарды сүзүп, кеминде 15 адам жаракат алганы маалымдалган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан