Кыргызстанда Травматология жана ортопедия улуттук борбору түзүлөт

Өлкөдө Травматология жана ортопедия улуттук борбору түзүлөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров “Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Травматология жана ортопедия улуттук борборун түзүү жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, Министрлер кабинети үч айдын ичинде Травматология жана ортопедия улуттук борборунун уставын иштеп чыгып, бекитиши абзел.

Мындай чечим саламаттыкты сактоо системасынын сапатын жогорулатуу, элге адистештирилген медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, дарылоо жана реабилитациялоо системасын өркүндөтүү үчүн кабыл алынган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан