АКШнын мамкатчысы Германияга учагын алмаштырып учууга аргасыз болду

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио биринчи учкан учагындагы техникалык мүчүлүштүктөн улам артка кайтууга аргасыз болуп, Германияга кайра башка учак менен барды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Ал бүгүн, 14-февралда Мюнхендеги коопсуздук конференциясына катышат.

Буга чейин Рубио учкан биринчи учактагы мүчүлүштүк базадан учуп чыккандан бир жарым саат өткөндөн кийин пайда болгон. Axios басылмасы булактарына таянып, айнекте жарака пайда болгонун билдирген. Мындан улам катчы кайра Вашингтондун четиндеги Эндрюс аба базасына кайтып келүүгө аргасыз болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан