"10 миңден ашуун батир курулат". Ошто IT-шаарчанын курулушу башталды

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 14-февралда “Ош-сити” долбоорунун IT-шаарчасынын курулушун баштоого мезгил кутусун салды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы долбоордун алкагында 10 миңден ашуун батири менен ири турак жай комплекси куруларын билдирди. Алардын бир бөлүгү жарандар ипотекалык программа менен сатып алуусу үчүн Мамлекеттик ипотекалык компаниянын балансына өткөрүлүп берилмекчи. Турак жайлар энергия үнөмдөөчү системалар жана жогорку ылдамдыктагы интернет менен жабдылат.

“Көп тармактуу жаңы турак жай комплексинде мектептер, бала бакчалар курулат. IT-шаарчанын тургундарын медициналык жактан тейлөө үчүн заманбап жабдуулар менен жабдылган көп тармактуу медициналык мекеме салынып, ал амбулатордук бөлүм, төрөт үйү жана диагностикалык борборлорду камтымакчы. Андан сырткары спорттук залдар, жөө басууга ыңгайлуу өзүнчө жолдор, веложолдор, жашыл зоналар менен эс алуу аймактары, балдар үчүн оюн аянтчалары жана чоңдор үчүн активдүү эс алуу аймактары курулат”, - деди Жапаров.

Ал белгилегендей, шаарча Кыргызстандын башка аймактарынан жана чет өлкөлөрдөн адистерди тартып, жаңы технологиялык демилгелердин башат алган жерине айланат.

“Бул долбоор аркылуу Ош Улуу Жибек жолунун ири провайдери болуп калат. Шаар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштардын чордонунда дүйнөнүн туш тарабынан агылып кирип-чыккан туристтердин сүйүктүү аймагына айланат. Шаардын инфратүзүмүн жакшыртуу жана ар тараптуу өнүктүрүү Ошту жашоо жана бизнес үчүн кыйла ыңгайлуу кылат. Бул багыттагы кадамдардын негизгилеринин бири – “Ош-сити” долбоору жана анын IT-шаарчасы”, - деди Садыр Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан