Бүгүн, 14-февралда 2025-жылы ишке ашырыла турган объектилердин тизмеси бекитилди. Бул туурасында президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Адылбек Касымалиев төрагалыгы алдында кезектеги жыйыны болуп, анда өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгү сыяктуу бир катар артыкчылыктуу маселелер каралып, чечимдер кабыл алынды.
Бекитилген тизмеге өнөр жай, айыл чарба, энергетика, тоо-кен, фармацевтикалык маанидеги 128 объект кирген. Бул объекттерди ишке ашыруу экономикалык өсүштү стимулдаштыруунун жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуунун негизги фактору болуп санала тургандыгы маалыматта кошумчаланган.
Министрлер кабинетинин төрагасы документтерди Министрлер кабинетинин кароосуна киргизүүдөн мурда комплекстүү изилдөөнү тапшырды.