Бишкектеги №72 орто мектебинин окуучусунун өлүмүнө шектелип 9-класстын окуучусу кармалды. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдирди.
Маалымдалгандай, 10-февралда Ленин райондук ички иштер башкармалыгына А.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 21-январда анын 2010-жылы туулган А.А. аттуу уулун №72 орто мектебинин дааратканасынан 9 -класстын окуучусу Т.И. денесине жаракат келтиргенин айткан. Анын кесепетинен уулу эс-учун жоготуп Улуттук кардиология борборуна жаткырылганын жана 4-февраль күнү ооруканада каза болгондугун билдирген.
Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү Т.И. 8-класстын окуучуларынан акча талап кылгандыгы аныкталган. Натыйжасында, 8-класстын окуучусу А.А нын денесине залал келтирип, ал эсин жоготуп, ооруканага жаткырылып, каза болгон.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130 (ден соолукка оор залал келтирүү) жана 208 (опузалап талап кылуу) беренелери менен кылмыш иши козголгон.
Учурда 2009-жылы туулган Т.И. аттуу шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Милиция экспертизанын жыйынтыгы менен шектүү окуя учурунда баңгизат колдонбогонун тастыктады. Тергөө иштери уланууда.