Америкалыктар тайгак жолдорго кызылчанын, картошканын ширелерин чачышууда

Жолдун тайгагынан арылуу үчүн америкалык бийлик өзгөчө ыкма ойлоп тапты. Тагыраак айтканда, учурда алар тайгак жолдорго кызылчанын ширесин жана сыр жасоодон чыккан сары сууну чачышууда. Бул тууралуу америкалык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, туз -9 градуска чейинки суукта гана жыйынтык бере алат экен. Бул тууралуу АКШнын Висконсин шаарындагы транспорт башкармалыгынын жетекчиси Милуоки Джеффри Тьюс: “Учурда термометрдин шкаласы -20 градустан жогорку көрсөткүчтү көрсөтүп турат. Азыр туздун ордуна сыр жасоодон чыккан сары сууну, кызылчанын, картошканын ширелерин чачуудабыз. Мындай ыкма -32 градус суукта да жакшы жыйынтык берди. Албетте, бир аз сырдын жыты жыттанат. Бирок азырынча арыздануулар боло элек”,- деп билдирген.

Ошондой эле АКШнын башка шаарларында мындай ыкма колдонулуп жаткандыгы айтылган маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
belosnejka1
2014-01-12 11:07:33
Туз жолдорду оюп таштайт. Кайта жайы боюнча ремонт кыла баштайт. Жыл сайын трафик...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан