Вашингтон Орусиянын президенти Владимир Путинге кысым көрсөтүү үчүн Орусиянын Кытай, Иран жана Түндүк Корея менен болгон союзун жок кылууну көздөп жатат. Бул тууралуу АКШнын Украина боюнча атайын өкүлү Кит Келлогг коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясында билдирди.
"АКШ эми Орусиянын альянсын бузууга аракет кылат. Бул үчүн АКШ Путинди башкача чечим кабыл алууга мажбур кылат", - деген Трамптын атайын өкүлү.
Атайын өкүл ошондой эле Орусияга аскерий жактан кысым көрсөтүү жетишсиз экенин, ошондуктан аны башка өңүттө да күчөтүү керектигин кошумчалаган.
12-февралда АКШ президенти Дональд Трамп Орусия менен Украинанын ортосундагы согушту токтотуу боюнча планын ишке ашыра баштады. Ал Владимир Путин менен, андан соң Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшүп, тынчтык сүйлөшүүлөрүн даярдоо үчүн топ түзүп жатканын жарыялаган.