Шерзат Болаттын өлүмү: Шектүү түрмөдө майрамдап жаткан видео тарады

Социалдык тармактарда коңшу Казакстандын түрмөсүндө отурган эркек адамдар бийлеп, көңүл ачып жатканы тартылган видео тарады.

Видеого караганда, түрмөдөгүлөр жанындагыга торт үйлөткөн. Казакстандык басылмалар видеодогу адам Талгарда өлтүрүлгөн өспүрүм Шерзат Болаттын өлүмүнө шектүү экенин жазышты.

Бул видео боюнча Алматы облустук ички иштер башкармалыгы комментарий берген.

"Убактылуу кармоочу жайдан биринин туулган күнүн белгилеп жаткан видеотасма боюнча кеңири иликтөө иштери жүрүп жатат, анда бардык күнөөлүү адамдар, анын ичинде жетекчилик катуу жоопкерчиликке тартылат", - деп билдирген облустук полиция.

Эскерте кетсек, Талгарда 16 жаштагы Шерзат Болатты мыкаачылык менен өлтүрүү окуясы 2024-жылдын 4-октябрына караган түнү болгон. Кылмышка шектелип 11 адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Киши өлтүрүүнү иликтөөнү Казакстандын ички иштер министри Ержан Саденов колго алган.

Казакстандын түрмөсүндө тартылган видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан