
Акыркы суткада өлкө аймагында 6 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 6 күжүрмөн эсеп тартылды. Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болгонун ӨКМден бүгүн, 17-февралда кабарлашты.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 1, Ош облусунда 1, Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Нарын облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды өрт коопсуздугун сактоого чакырат.