Америкалык белгилүү журналист Эшли Сент-Клэр миллиардер, SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск экөө балалуу болушканын билдирди. Ал бул тууралуу Х социалдык тармактагы баракчасына жазган.
"Мен 5 ай мурун эне болдум. Баламдын атасы Илон Маск. Мен муну балабыздын жеке жашоосун жана коопсуздугун коргоо үчүн ачыкка чыгарган эмесмин. Бирок муну ЖМК каражаттары коркунучтарга карабастан ачыкка чыгарышмак", - деп жазган ал.
Белгилей кетсек, Сент-Клэр балдарга арналган “Пилдер канаттуу эмес” китебинин автору катары белгилүү. Ал эми Илон Маск азырынча бул кабарга комментарий бере элек.
53 жаштагы ишкер буга чейин 3 жолу үйлөнгөнү жана анын 12 баласы бар экени маалым.