Орусиянын Владимир облусунун Вязниковский районундагы М-7 унаа жолунда адамдардын жансыз денелерин ташып бара жаткан жүк ташуучу унаа кырсыкка кабылып, оодарылып кетти. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү Телеграм каналдары жазышты.
Унаа Нижний Новгород шаарындагы крематорийге бара жаткан. Жол кырсыгынан унаа оодарылып, айрым табыттар ачылып кеткен.
Кырсыктан табыттагы айрым жансыз денелер жабыркаган. Жол кырсыгы жүк ташуучу унаанын аралыкты сактабаганынан болгон.
Кийинчерээк кырсык болгон жерге башка унаа келип, чачылган жансыз денелерди алып кеткен.