ХАМАС кыймылы Газа тилкесин көзөмөлдөөнү Палестинанын улуттук бийлигине өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Sky News Arabia өз булагына таянуу менен жазып чыкты.
Басылма кыймылдын жетекчилиги бийликти өткөрүп берүү чечимин Каирдеги сүйлөшүүлөрдө Египеттин катуу кысымынан кийин кабыл алганын белгилейт.
Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Газа тилкесин сатып алуу планын ачыктап, ал жакка ХАМАС кайтып келбеши керектигин айткан.
Белгилей кетсек, Палестинанын улуттук администрациясы Иордан дарыясынын батыш жээгинин бир бөлүгүн гана көзөмөлдөйт. Ал эми Газа тилкеси толугу менен ХАМАС кыймылынын көзөмөлүндө болчу.