Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун боюнда айлана-чөйрөнү жашылдандыруу, көрктөндүрүү ишембилиги өттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Бул ишембиликте 2000 түп тянь-шань карагайын отургузуу пландалган.
Ишембилик Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин токой кызматы, Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк, Кемин райондук мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү бийлик органдары тарабынан уюштурулган.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 29-январында аталган иш-чаранын алкагында мурда 500 түп ийне жалбырактуу тянь-шань карагайы отургузулуп, экологиялык абалды жакшыртууга багытталган.
Өнөктөштүктүн негизги максаты — аймактагы экологиялык абалды жакшыртуу, ошондой эле жол аймактарындагы жашылдандыруу иштерин күчөтүү.
Бул жылы Кемин районунан Балыкчы шаарына чейинки унаа жолунун 50 чакырымдык бөлүгүндө бак отургузуу каралган.