Нью-Йорк шаарынын эки тургуну эбола вирусуна чалдыккан деп шектелүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Андагы маалыматтарга караганда, бейтаптар мурда Угандага барып келишкен. Ал эми алардан аныкталган симптомдор эбола вирусуна окшоштурулуп жатат.
Учурда дарыгерлер анализдердин жыйынтыгын ала элек, бейтаптар оорукананын тез жардам бөлүмүнө жаткырылган.
Уганданын Саламаттыкты сактоо министрлиги 30-январда оорунун күч алып жатканын билдирген. Буга чейин аталган аймакта 7 учур катталган. Мындай кырдаал эң акыркы жолу 2022-жылдын аягында болуп, 55 адам каза болгон.
Эбола вирусу оорулуу адамдын каны аркылуу же ал колдонгон буюм аркылуу дагы жугат. Бул оору менен алгач маймылдар ооруганы маалым. Бирок аталган вирусту аба аркылуу жуктуруу коркунучу жок. Эбола вирусу адамдарда сейрек кездешүүчү жана өтө оор өтүүчү оору болуп саналат. Аталган оору көбүнчө өлүмгө алып келет.