Украинанын экс-президенти Порошенко өлкөдө президенттик шайлоо качан болорун айтты

Украинанын мурдагы президенти Пётр Порошенко "Цензор.нет" басылмасына берген маегинде өлкөдөгү президенттик шайлоонун датасын жарыялады.

Анын айтымында, Украинада президенттик шайлоо 2025-жылдын 26-октябрында өтөт.

Порошенко белгилегендей, ал бул тууралуу бир нече булактардан, анын ичинде Украинанын учурдагы лидери Владимир Зеленскийдин кеңсесинин, укук коргоо органдарынын, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрүнөн билген.

Экс-президенттин айтымында, "Украина" басмаканасы шайлоого керектүү бюллетендерди санай баштаган.

Украинадагы президенттик шайлоону ушул жылдын 31-мартында өткөрүү пландалган. Бирок Владимир Зеленский согуш болуп жатканда шайлоо өткөрүү туура эмес экенин айтып, шайлоону белгисиз мөөнөткө жылдырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан