Нурдан Орунтаевди жамаатына Бакыт Төрөбаев тааныштырды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин жамаатына жаңы дайындалган министр Нурдан Орунтаевди тааныштырды. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалымдагандай, Төрөбаев Орунтаевге жана анын командасына курулуш тармагын өнүктүрүү, турак жай курулушунун сапатын жогорулатуу жана өлкөдөгү коммуналдык инфраструктураны жакшыртуу боюнча стратегиялык милдеттерди ишке ашырууда ийгиликтерди каалаган.

Белгилей кетсек, 11-февралда президент Садыр Жапаров Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигин Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги кылып өзгөртүп, министрдин милдетин аткарууга аталган агенттиктин жетекчиси болуп келген Нурдан Орунтаевди дайындаган. Жогорку Кеңеш 13-февралдагы жыйынында Орунтаевди министр кылып дайындоого макулдук берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан