Былтыр өлкөдө мыйзамсыз курулган канча объект бузулганы айтылды

Бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында Жер жана суу көзөмөлдөө кызматынын директорунун орун басары Азамат Саралев президенттин №56 жарлыгынын негизинде унаа жолдорунун жээгиндеги мыйзамсыз делген 474 объект аныкталганын билдирди.

"Анын ичинен 371и буздурулган. 88и боюнча жазма буйруктар берилсе, 8 объект прокуратурага өткөрүлгөн. Жыйынтыгында 351 миң сом айып пул салынган", - деди ал.

Ал эми Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына аталган кызмат тарабынан былтыр өлкө боюнча жалпы мыйзамсыз курулган 1 438 объект буздурулганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан