Улуу Британия тынчтык келишиминин аткарылышын көзөмөлдөө үчүн Украинага Куралдуу күчтөрүн жөнөтүүгө даяр. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Кир Стармер The Telegraph басылмасына берген маегинде айтты.
Анын айтымында, Лондон Украинанын коопсуздук кепилдиктери боюнча ишти тездетүүдө башкы ролду ойноого даяр, анын ичинде аскердик колдоо да бар. Буга Британия 2030-жылга чейин 3 миллиард фунт стерлинг бөлгөн.
"Керек болсо Украинага өз аскерлерибизди жөнөтөбүз. Муну менен Украинанын коопсуздугун камсыз кылууга салым кошууга даяр экенибизди айткым келет. Ошол эле учурда британ аскерлери үчүн потенциалдуу коркунучту абдан катуу сезип турам", - деген Стармер.
Муну менен Стармер биринчи жолу Украинанын аймагына тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтүүнү ачык убада кылып жатат. Анын билдирүүсү бүгүн, 17-февралга белгиленген Парижде европалык лидерлер менен жолугушуунун алдында айтылды.