Бүгүн, 17-февралга карата Токтогул суу сактагычында топтолгон суунун көлөмү 9 миллиард 135 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ААКсынын басма сөз кызматы кабарлады.
Андагы маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 199 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 716 куб метрди түзүп жатканы айтылды.
Эскерте кетсек, эки ай мурун, 17-декабрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 963 миллион куб метрди түзгөн.