Жылнаама, 17-февраль: 40 жашында турмушка чыккан белгилүү актриса Пэрис Хилтон 44 жашка толду

Америкалык актриса, дизайнер, ырчы жана фотомодель Пэрис Хилтон 1981-жылы 17-февралда Нью-Йоркто төрөлгөн. Ал "Жөнөкөй жашоо" аталышындагы реалити-шоуго катышып, атактуу болгон.

2000-жылы Дональд Трамптын T Management моделдик агенттиги менен келишим түзүп, профессионалдуу модель болгон. Кийинчерээк Нью-Йоркто Ford Models Management, Лондондо Models 1 Agency, Лос-Анжелесте Nous Model Management жана Лондондо Premier Model Management агентстволорунда иштеген. Хилтон белгилүү Iceberg, GUESS, Tommy Hilfiger, Christian Dior жана Marciano бренддеринин жарнамаларына чыгып, журналдар үчүн тартыла баштаган.

2006-жылы Хилтон "Саркечтер" жана "Шоколаддагы сары чачтуу" аттуу тасмаларда башкы ролдорду жараткан. 2008-жылы "Сулуу жана түрү суук" жана "Рипо! Генетикалык опера" аттуу тасмаларындагы ролдору үчүн "Алтын малина" сыйлыгын алган. 2006-жылы 22-августта алгачкы "Paris" жеке альбому чыккан.

Атактуулуктун туу чокусуна 2005-2006-жылдары жеткен. Бул жылдары модель бир канча телеберүүлөргө тартылып, тасмаларда баш каармандын образын жарата баштаган.

Актриса бош убагында йога жана теннис менен машыгат. Ошондой эле кайрымдуулук менен алектенип, жаныбарларды коргоо үчүн колдон келген жардамын аябайт. Чет элдик басылмалардын жазып чыккандарына таянсак, азыркы учурда анын үйүндө 35 ит-күчүктөрү бар. Буга чейин актриса социалдык тармактагы баракчасына иттеринин бири жоголуп кеткенин жазып, ал жөнүндө кандай гана маалымат билгендер болсо сый акысына 10 миң доллар бере турганын жарыялаган жайы да бар.

Айта кетсек, Пэрис Хилтон иттерди абдан жакшы көрө турганын ар бир маегинде айтып келет. Ал дүйнө кыдырып саякаттаса да, дайыма жанына үй жаныбарларын ээрчитип жүрөт. Жаныбарлар актрисанын үйүнүн кичирейтилген вариантында салынган атайын "кичи хан сарайда" жашашат. Анын айтымында, жаныбарларды багуу үчүн жылына 100 миңдеген доллар сарптайт.

Актрисанын мыйзам менен достошо албаганы айтылып келет. Тактап айтканда, бир канча ирет мас абалында жана жасалма документ менен унаа айдагандыгы, өтө катуу ылдамдыкта жүргөндүгү үчүн полиция тарабынан кармалган.

Бир жолу кумар оюндарына берилип кеткендиктен, Bentley Continental үлгүсүндөгү унаасын уттуруп жиберген. Ушул окуядан кийин кумар оюндарынан алыстоо үчүн дарыланып чыккан.

Актриса табитсиз кийинген атактуулардын сап башында турат. Көптөгөн басылмалар белгилешкендей, мунун себеби Хилтондун эч кимге окшошкусу келбегендигинде. Анын кечелерге кийип барган ар бир кийими кызуу талкууну жаратат.

Жеке жашоосу
2000-жылы Пэрис Хилтон актриса Памела Андерсондун мурдагы жолдошу Рик Саломон менен сүйүү мамилесинде болгон. Андан кийин Жейсон Шо, Ник Картер, Пэрис Латсис, Ставрас Ниархос, Бенджи Мэдден, Дуг Рейнхард, Леонардо Ди Каприо, Ривер Виипери жана Томас Гросс аттуу миллионер менен мамиле курганы айтылат.

Ал эми 2021-жылы 40 жашында биринчи жолу турмушка чыккан. Бул тууралуу актриса социалдык тармактагы баракчасына жазып, үлпөт көйнөгү менен бир нече сүрөттөрүн жүктөгөн.

"Баарыбыз күткөн күн келди", - деп жазган анда актриса.

Актриса америкалык бизнесмен Картер Реумга турмушка чыккан. Түгөйлөр 2019-жылдан бери мамиледе болуп келишкен. Алардын тою бир күн мурун Лос-Анжелес шаарында өткөн. Картер Реум сүйүктүүсүнүн колун ушул жылдын 13-февралында сураган.

Түгөйлөр 2023-жылдын январында наристе күтүп жатышканын ачыкташкан. Андан кийин актриса социалдык тармактарга суррогат энеден Феникс аттуу уулдуу болгонун жарыялаган. Ошол эле жылдын ноябрында Пэрис Хилтон менен Картер Реум суррогат энеден Лондон аттуу кыздуу болушкан.

17-февралга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
baltabai
2025-02-17 15:16:00
14 февраль айында
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан