АКШ менен Орусиянын Украина тууралуу сүйлөшүүлөрү Эр-Рияд шаарында эртең, 18-февралда өтө турганы айтылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, АКШ делегациясынын курамында: мамлекеттик катчы Марко Рубио, Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Вальц жана Дональд Трамптын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стив Виткофф бар.
Ал эми Орусия тараптын делегациянын курамы так айтылган эмес. Ошентсе дагы жолугушууда Тышкы иштер министри Сергей Лавров Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков жана Тышкы чалгындоо кызматынын башчысы Сергей Нарышкин болору айтылууда.
Кошумчалай кетсек, сүйлөшүүлөрдү Орусиянын түз инвестициялык фондунун башкы директору Кирилл Дмитриев жетектейт. Ал буга чейин АКШда окуп, иштеп келген.