18-февралда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул туурасында Кыргызгидрометтин маалыматында көрсөтүлөт.
Ага ылайык, Ысык-Көл облусунун бийик тоолуу аймактарында түнкүсүн кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1 ... -6, күндүз +6 ... +11;
Талас жергесинде түнкүсүн -2 ... -7, күндүз +5 ... +10;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4 ... 1, күндүз +7 ... +12;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2 ... -7, күндүз 0 ... +5;
Нарын дубанында түнкүсүн -10 ... -15, күндүз -1 ... +4;
Бишкекте түнкүсүн -3 ... -5 суук, күндүз +8 ... +10 градус болот.